Москва көчөсү менен Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши ачылды

14:46, 28 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Москва көчөсү менен Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва көчөсүндөгү жол иштери график боюнча жүрүп жатат. China Road & Bridges Corporation корпорациясы жолдун үстүнкү катмарына асфальт төшөөдө.

Москва көчөсү менен Исанов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабык турат.