14:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖЭБ чыры. Айыпталуучулар сотто көрсөтмө берүүгө макулдугун билдиришти

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча жемкорлукка айыпталып жаткандар сотто көрсөтмө берүүгө макул болушту. Бул тууралуу журналисттерге Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучулар мындай чарага барууга аргасыз. Сот 2 токтом чыгарды, биринчиси -айыпталуучуларды отурум залына күч менен алып келүү, экинчиси- эгер айыпталуучулар көрсөтмө берүүдөн баш тартышса дагы процессти улантуу.

«Айыпталуучу Жолдошбек Назаров Салайдин Авазовдон кийин көрсөтмө берем деди, анткени ал анын башчысы болгонун айтууда. Азыр аны Авазовду күтпөй көрсөтмө бер деп мажбурлап жатышат. Калгандары дагы көрсөтмо берүүгө даяр. Аларсыз деле өкүм чыга турганын айыпталуучулар түшүнүштү», — деди Замир Жоошев.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар