07:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖЭБ чыры. Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет

УКМКнын Тергөө абагындагы камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тартса күч менен алып келинет.

Мындай чечимди Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязеддинова кабыл алганын аталган соттон кабарлашты. 25-октябрда Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну мурдагы премьер-министр ЖЭБ боюнча иштеги айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн.

Мындан соң сот Исаковду мажбурлап менен алып келүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар