11:07, 28 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Депутат Айнуру Алтыбаева 25-октябрда КСДП фракциясынын отурумунда Кыргызстанда ун 2 эсе кымбаттаганын айткан.
Бирок, өкмөт депутаттын айткандары менен макул эмес. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары 1-сорттогу ун республика боюнча ортосо 18,4 пайызга, 2-сорттогу ун 14,8 пайызга кымбаттаган.
Ундун чекене баасы эки эсе кымбаттады деген маалымат чындыкка коошпойт.
КР өкмөтү
Билдирүүгө таянсак, былтыр октябрда 1-сорттогу буудай унунун 1 килограммы өлкөдө орточо 23,7 сомду түзгөн. Быйыл октябрда 28,1 сомго жетти.