Кыргызстан менен Өзбекстандын футболдук топтору достук беттешин өткөрөт

09:37, 21 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстан менен жолдоштук беттеш ойнойт. Бул маалыматты Футбол федерациясы билдирди.

Оюн 9-ноябрда Ташкент шаарында өтөт.

Кыргыз курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында 14-ноябрда Япония менен Бишкек шаарында беттешет.  

Акыркы жолу Монголияны 2-1 эсебинде утуп алды.