06:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алга Кылычев № 1 тергөө абагынан ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына которулду

КСДП саясий уюмунун мүчөсү Алга Кылычев № 1 тергөө абагынан Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына которулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алга Кылычевдин которулушунун себеби белгисиз. Буга чейин ал тергөө менен байланышып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевге, КСДП мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана жансакчы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берди деп айтылган.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар