09:55
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алга Кылычев мурунку президентке каршы көрсөтмө берүүдө

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев мурунку президентке каршы көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Айтымында, Алга Кылычев менен тергөө байланышуу тууралуу келишим түзүп алышкан болуу керек.

«Алга Кылычевдин айтымында, Алмазбек Атамбаев бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого ниеттенген имиш. Ал КСДП мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана жансакчы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берди. Алга Кылычевдин айтымында, аттары аталгандар массалык башаламандыкты уюштурушкан», -дейт Замир Жоошев.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар