Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндө иш боюнча тергөө аяктады

15:34, 01 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Кримтөбөл Азиз Батукаевди эркинен ажыратуу жайынан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылып, Бусурманкул Табалдиев шектелип жаткандыгы жөнүндө сырттан маалымдалып, ал эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол багыты боюнча дагы издөөгө алынган.

«14 шектүү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшса, ал эми 5 шектүү макулдашууга кол коюшкан жок. 18 шектүү кылмыш иштин материалдары менен таанышып, 2019-жылдын 27-сентябрында кылмыш иштин материалдары Башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуу болгондугун изилдөө жана сотко жөнөтүү үчүн жиберилди. Тергөө менен кызматташуу жөнундө макулдашууга кол коюшкан шектүүлөргө карата бөлүнүп алынган кылмыш ишинин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иши 28 томду түздү. Ал эми жалпы саны 451 томду түзөт», -деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кимге кандай айып тагылганын Башкы прокуратурадан билдиришкен болчу.