09:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Батукаевдин иши. Индира Жолдубаева үй камагына алынды

Биринчи Май райондук соту мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага карата баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка таянсак, Индира Жолдубаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча өтүүдө. Ага 43-берене (катыштыгы бар) жана 319-берене (жемкорлук) боюнча жасалган кылмыштарга шектенүү жөнүндө билдирүү келген.

Иш ушул жылдын январында жанданган.

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кимге кандай айып тагылганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө Гемотология борборунун дарыгерлери Эмил Макимбетовго, Ирина Цоповага, аталган борбордун башчысы Абдухалим Раимжановго, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага, министрликтин өкүлү Канатбек Бектемировго, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевге, анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, аталган мекеменин медициналык санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы Акыл Асановго, дарыгери Фархад Атаходжаевге, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору Майрамбек Акматалиевге, прокурордун мурдагы жардамчысы Кубат Жуматаевге, мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага, УКМКнын төрагасынын кеңешчиси Мурат Бекеновго, мурдагы Вице-премьер министри Шамил Атахановго, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго, жактоочу Али Касымовго, Коопсуздук кеңешинин катчысы БусурманкулТабалдиевге коррупция, кызматтык жасалмачылык, документтерди жасалмасы беренелери боюнча сот тарабынан

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевге карата коррупцияны уюштуруу беренеси боюнча тийиштүү бөгөт коюу чаралары тандалган.

Бүгүнкү күндө, Ирина Цопова, Калыбек Качкыналиев, Аида Салянова, Мурат Бекенов, Жапар Эрматов, Али Касымов жана Алмазбек Атамбаев сот тарабынан камакка алынышкан, калган шектүүлөр тергөө менен кызматташууга барышкандыктан, бөгөт коюу чаралары катары үй камактары тандалып алынган.

Ал эми, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге карата издөө жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума