13:58, 17 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча митингге чыккандар өкмөткө коюлган талаптар менен таанышып чыгуу үчүн 2 саат убакыт беришти.
Нааразы болгондор төмөндөгүдөй талаптарды коюшууда:
-Курамына Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев, аймактын аксакалдары, ЖМК өкүлдөрү, активисттер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары кирген мамлекеттик комиссия түзүү;
-«Кант» авиабазасын Баткен облусуна көчүрүү;
-ЖМК аркылуу так жана объективдүү маалымат берүү;
-Кыргызстандан Тажикстанга жана кайра Баткен облусу аркылуу өткөн аткезчиликке бөгөт коюу;
-Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишинин ачыктыгын жана тазалыгын камсыздоо;
-Баткен облусуна өзгөчө статус берүү, жаңы губернаторду дайындоо, анын укуктарын кеңейтүү;
-Баткен облусунун жашоочуларына чек арага жакын жайгашкан жер аянттарын бөлүп берүү;
-Чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат маселесин, суу менен камсыздоо маселесин, электр менен жабдуу маселесин чечүү;
-Такталбаган чек ара аймагында объекттердин курулушун токтотуу.
Эгерде 2 саат ичинде өкмөт жообун бербесе, нааразы болгондор Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бара тургандыктарын айтышууда.