00:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кадыр Атамбаевге атасы менен кезигүүгө уруксат беришти

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаевге атасы менен кезигүүгө уруксат беришти. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине өзү билдирди.

Айтымында, учурда ал УКМКда турат. Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө байланыштуу ага атасы менен кезигүүгө уруксат беришти. Мурунку президент 63 жашка толду.

Буга чейин жактоочу Сергей Слесарев Раиса Атамбаева дагы күйөөсү менен жолуктурууну суранганын айткан.

Эске салсак, бүгүн Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына анын тарапташтары тынчтык акциясын өткөрүшмөк. Бирок, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу иш-чара болбой калды.

Эң көп окулган жаңылыктар