Ала-Бука районунда унаа оодарылып кетип, 16 жаштагы айдоочу жана анын жанындагы эки бала жабыркады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Окуя 11-сентябрда саат 23.00дөр чамасында болгон.
«Hafei Brio (Lobo) үлгүсүндөгү унаа айдоочунун атасына таандык болгон. Ал рулга ээ боло албай калып, натыйжада унаа оодарылып кеткен», — деп жазылат билдирүүдө. Жабырлануучулар Ала-Бука районунун ооруканасына жаткырылган.