16:56, 05 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурунку башчысы Бектен Сыдыгалиев депутаттык мандат алат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Эске салсак, «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырганын 24.kg агенттигине фракция лидери Алмазбек Баатырбеков тастыктады.
Маалыматка ылайык, партиянын катчылыгынын мурунку кызматкери Айнура Аскарова Жогорку Кеңеште Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаровдун ордуна келген. «Тизме боюнча кийинки кезекте Бектен Сыдыгалиев турат. Ал тизмеден чыгуу тууралуу арыз жазган эмес», -деди Абдыжапар Бекматов.
Эске салсак, Насыр Мусаев Жогорке Кеңештин отурумуна көп келген эмес. Мартта аталган фракция Жогорку Кеңештин профилдүү комитетине кайрылып, Насыр Мусаевди депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу маселени чечип берүүнү суранышкан. Депутаттык кресло үчүн кийинки тизмеде Айнура Аскарова турат. Учурда ал «Кыргызстан» фракциясынын катчылыгында иштейт.