Садыр Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат берилди

09:21, 27 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Экс-депутат Садыр Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат беришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Шерабидин Токтосунов билдирди.

Айтымында, кечээ ал ЖАМКга өтүнүч менен кайрылган, анын өтүнүчү кабыл алынды.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан жол кырсыгына кабылган. Ал өзүнө келбей каза болду. Коштошуу зыйнаты эртең Ысык-Көл облусунда өтөт.