18:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Садыр Жапаровдун уулу Дастандын кырсык маалындагы видеосу тарады

Садыр Жапаровдун Көк-Жар айылында болгон жол кырсыкта каза тапкан уулу Дастандын кырсык маалындагы видеосу тарады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдиришти.

Видеого мотоцикл айдап бараткан айдоочу жеңил унаага кантип урунганы түшүп калган. Toyota унаасынын айдоочусу гипермаркеттин унаа токтотуучу жайынан чыгып бара жаткан.

«Унаанын айдоочусу бир унааны кое берип анан бурулган. Бул убакта мотоцикл келип урунду», -деп билдиришти күбөлөр. 

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар