Кытайлык инвесторлорду кытай күзөт агенттиктери коргойт деген маалымат жалган

16:19, 26 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Маалыматтык сайттардын биринде, ошондой эле социалдык тармактарда чыгып жаткан Кытай жарандары болгон инвесторлордун укуктарын коргоо үчүн кытай күзөт агенттиктерин тартуу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

«Өкмөт ак ниет иштеген, өлкөгө жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшүнө өз инвестицияларын салган инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону өзүнүн башкы артыкчылыктарынын бири деп эсептейт. Учурда ИИМ курамында кендерди жана өнөр жай объекттерин коргоо боюнча адистештирилген башкармалык түзүү долбоору өкмөттүн аппаратында каралууда», -деп айтылат маалыматта.

Жалган маалыматты тараткан жактар мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Бул факты боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү башталды.