Сапар Исаковдун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык

11:36, 21 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, мурунку өкмөт башчы дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ал керектүү дары-дармектерди алып жатат.

«Сапар Исаковдун тарапташтары социалдык тармактарга жазып, дарыгерлер так диагнозун аныктай албай жатат деп таркатышууда. Ал ооруканага 16-августта клип түшкөн, ага «омуртка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган», -деп билдиришти министрликтен.