11:53, 14 августа 2019, Бишкек - 24.kg
ИИМ Курсан Асановдун кызматтан бошотулушу боюнча аракеттерин, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына маалымат берип турган деген билдирүү аркылуу өздөрүн актоого аракет кылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДПнны төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.
Айтымында, Курсан Асанов мурунку президентти кармоо маалында сүйлөшүү жүргүзүп, маанилүү роль ойноду.
«Аны каралоого аракет кылышууда. Алмазбек Атамбаевдин аны менен диалогго барган себеби, анын сүйлөгөнүнөн ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкчылыгы бар экени билинген. Ал акча алды деген маалымат калп. Балким буга анын сүйлөшүүлөрдөн кийинки белгилүүлүгү себеп болгондур. Ал бизге эч кандай маалымат берген эмес. Кагылышууга чейин жана андан кийин дагы байланышкан жокпуз. Анын үстүнө ал убакта Кой-Ташта эч кандай байланыш жок болгон, сүйлөшүү мүмкүн эмес болчу», -деди Кундуз Жолдубаева.
Эске салсак, кечээ премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду.