Изделип жаткан орусиялык альпинисттин сумкасы табылды

11:22, 31 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Куткаруучулар Ленин чокусунан жоголуп кеткен орусиялык альпинисттин сумкасын таап алышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка караганда, 6,3 миң метр бийиктиктен И.С.Ивановго таандык сумка жана визитка табылды. Ал жакка тик учак менен бирге 22 куткаруучу жөнөтулдү.

Буга чейин альпинист 27-июлда акыркы жолу байланышка чыккан деген маалымат тараган.