11:08, 31 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.
Сурак берүүгө ТВЕА төрагасы Мусажан Макелектин мурунку кеңешчиси Арлан Осмонжановду чакырышты. Ал ТВЕА унааларын кантип сатканын айтып берди. Унаалардын бирин Айбек Калиев сатып алган.
Күбө кошумчалагандай, ал буга чейин дагы аталган компаниянын унааларын сатып жүргөн. «Унааларды базар баасынан төмөн сатышкан. Жетекчилер айдап жүргөн унаалардын көбүнүн абалы жакшы болчу. Айрым унаалардын абалы өтө начар эле. Айбек Калиевди камап салгандан кийин акчаны анын атасынан алгам. Унаа үчүн ал 10 миң доллар берген», -деди ал.
Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.