Атамбаев Батукаевдин бошотулушу боюнча ИИМге эмес, журналисттерге жооп берет

13:05, 23 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев суракка барбайт. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жооп берет.

«Бул сурак эмес, билдирүү түрүндө болот. ИИМ өкүлдөрү керектүү маалыматтарды алышат», — дейт Сергей Слесарев.

Белгилей кетсек, ИИМ Алмазбек Атамбаевге үч жолу суракка чакыруу жөнөттү. Мурдакы өлкө башчысы Жогорку Кеңештин аны кол тийбестиктен арылтуу чечимин мыйзамсыз деп таап, суракка баруудан баш тартуу. Кечээ ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келип, кире алган эмес.