10:55, 10 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Жол коопсуздук башкармалыгы депутаттын уулу катышкан кырсыктын күбөлөрүн издөөдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.
Эскерте кетсек, «Lexus» жана «BMW Х7» кагылышкан кырсыкта төрт адам каза болду. «BMW Х7» машинеси Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык. Азырынча рулду ким башкарганы белгисиз.
Күбөлөр төмөнкү номурларга чала алат: 0312630900, 630901, 0392254505, 54550, 0392251555, 0312294010, 0705755988.