14:43, 04 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Орусиянын Екатеринбург шаарында атылып өлтүрүлгөн жеке ишкер, «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын негиздөөчүсү Камчыбек Каримовго кол салуу видеого түшүп калган. Ал орусиялык сайттарга жарыяланды.
Видеодо кол салуу унаа токточу жайдын алдында, көчөдө кишилер көп болуп, ишкерди сабап жатышканда жанынан басып өткөндөр көрсөтүлөт. Ары-бери баскан адамдар жакынкы дүкөнгө кире качып, кылмышкерлер кеткенден кийин гана Камчы Каримовдун жанына барышат.
Белгилей кетсек, Камчы Каримов Уралда кыргыздарды жетектеп, жакын жардам көрсөтүп келген. Ал Россияда ишкерлик менен алектенген.