09:45, 28 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик күзөт кызматы дагы деле кайтарууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.
Учурда УКМКнын Тогузунчу кызматынин керектүү сандагы кызматкери мурунку өлкө башчысын кайтарууда.
«Экс-президент күзөт кызматынан кол жууду деген маалымат чындыкка коошпойт. Бүгүн эртең менен кызматкерлер алмашышкан, балким ошону көрүп күзөтчүлөрү алынды деп жатышкандыр», -деп билдиришти УКМКдан.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев күзөт кызматынан кол жууду деп Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Twitter социалдык тармагына жазган.