Депутат: Кылмыштарга Жээнбековдордун үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар

11:35, 27 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Алмазбек Атамбаевди күнөөлөп жаткан кылмыштарга Жээнбековдордун үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина айтып чыкты.

Депутат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ишенбей турганын айтты. «Жээнбековдор-Атамбаевди күнөөлөп жаткан кылмыштарга тийиштиги бар. Алар дагы экс-президент менен бирге жоопкерчиликке тартылышы керек. Сиздин айыптоолор боюнча, бизде монархия болгон», -деди ал. 

Айтымында, бийлик элдин нааразычылыгын көкүтүүдө. «Депутаттык корпус мыйзамды коргошу керек, бирок дал өзүлөрү муну бузуп жатат», -деп кошумчалады Ирина Карамушкина.

Башкы прокурор кодекс боюнча иштеп жатканын айтты.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Демек, мурунку президент кылмыш ишине катыштыгы бар делип, камакка алынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштын белгилери тууралуу башкы прокурордун корутундусун бир добуштан колдошту.