Фарид Ниязов эмне себептен блокпост орнотулуп, таштар ташылып келгенин билбейт

15:30, 26 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кой-Ташта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди колдоо максатында элдик штабдын мүчөлөрү жүрүшөт. Анда журналисттердин суроосуна президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов жооп берди. 

Эске салсак, мурунку мамлекет башчынын үйүнүн айланасына 500гө жакын анын тарапташтары чогулду. Алар боз үй тигип, бетон плиталарды орнотушкан. Жүк ташуучу унаалар маал-маалы менен оңдоо иштерине деп таштарды ташып келүүдө.

Окуя болгон жерде журналисттер иштеп жатат. Аларга Фарид Ниязов чыгып, жооп берди. Ал саясий туткун деп кимди атоого болот деген суроого жооп кайтарды.

«Аида Салянованын лицензия бергенине байланыштуу кылмыш иши тууралуу кеп көтөрүлгөн жок, кеп бүгүнкү куугунтук тууралуу. Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров тууралуу айта турган болсом, мында соттун чечими бар. Мен саясий туткундар тууралуу айтып бере тургандай адис эмесмин», -деди ал.

Жогоруда ысымы аталгандардын баарын саясий туткун деп эсептейсизби деген суроого, алар саясатчылар деп жооп берди.

Журналисттердин Атамбаевдин үйүнүн жанына эмне себептен эл чогулуп атат дегенине, ал эл өзү штаб түзүүнү демилгеледи деп жооп кайтарды. Ал эмне себептен блокпост орнотулуп, таштар ташылып келгенин билбейт.