Жемкорлук, бийликти узурпациялоо. Экс-президент эмнеге камакка алынышы мүмкүн

12:30, 23 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Демек, мурунку президент кылмыш ишине катыштыгы бар делип, камакка алынышы мүмкүн.

Буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес. Туңгуч президент Аскар Акаев качып кетип, учурда Москвада жашайт. Андан кийинки мамлекет башчы Курманбек Бакиев дагы сыртынан гана өмүр бою эркинен ажыратылганы менен, учурда Беларуссияда баш калкалоодо.

Депутаттар Алмазбек Атамбаевге карата 9 айып коюшту. Аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом долбоорун 100 депутат колдоп берди. 5 эл өкүлү каршы чыкты. 24.kg агенттиги Алмазбек Атамбаевди кайсыл иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн экенин иликтеп чыкты.

Кой-Ташка мыйзамсыз үй салган

Экс-президентке мыйзамсыз баю беренеси менен айып тагылууда.

««Дастан» корпорациясынын кызмат адамдарынын аракети менен ал Кой-Таш айылынан жер аянтын алып, үй салган», -дешүүдө депутаттар.

Белгилей кетсек, Кой-Таштагы үйдү экс-президент 2016-жылы салган. Депутаттык комиссиянын пикиринде, Алмазбек Атамбаев жерди Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовдон белек катары алган. 2016-жылы мурунку депутат Өмүрбек Текебаев жер аянтын мурунку президент мыйзамсыз алган деп билдирген. Бирок, Башкы прокуратура бул айтылгандарды аныктай алчу факт тапкан эмес.

Көмүр чыры

Ошол эле жылы экс- башкы прокурор Аида Салянова Алмазбек Атамбаевди Бишкек ЖЭБге мыйзамсыз ташылып келинген көмур үчүн айыптаган. Бирок, бул айтылгандарга эч ким көңүл бурган эмес.

Жерлерди трансформациялоо

Депутаттык комиссиянын версиясы боюнча, Алмазбек Атамбаев Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтүндөгү жерлерди мыйзамсыз трансформациялоого катыштыгы бар.

Ал өкмөт башчы болуп турган маалда, 2011-жылы мораторийди эс албай айыл чарба мүнөзүндөгү 35,65 гектар жерди курулуш үчүн берип салган.

Жасалма иш

Депутаттык комиссиянын маалыматына ылайык, «Ака инвест» жана «Терексай Жаштары» компанияларынын Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар. Аталган фирмалар Мегакомду сатып алууну жана былтыр «Коопсуз шаар» долбооруна 9 миллион доллар берүүнү сунуштаган.

Алмазбек Атамбаевдин 2017-жыл үчүн салык декларациясында Субихи Пархатиден 54 миллион өлчөмүндө киреше көрсөтүлгөн. Субихи Пархати документ боюнча экс-президенттен «Форум» ЖЧКсын сатып алган. Депутаттар ишти жасалма дешүүдө, анткени аталган фирма башка кишиге сатылса дагы мурунку мамлекет башчы факт түрүндө аймакка ээлик кылып келүүдө.

Жеке курорт

Маалыматка караганда, 2018-жылы январда Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылынан 2,63 гектар жер аянтын мыйзамсыз алган.

Ысык-Көл райондук мамадминистрациясынын жооптуу кишилери менен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлери «Фрунзе-Резорт» ЖЧКга 4,61 гектар жер аянтын беришкен. Кийин ал жер экиге бөлүнүп, жарым укугу Алмазбек Атамбаевге катталган. Жарымы ЖЧКда калган.

Бийликти узурпациялоо

Депутаттар экс-президентке бийликти узурпациялоо айыбын тагышууда. Эл өкүлдөрү Алмазбек Атамбаев баардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн текшере турган уюшкан кылмыштуу топту түзгөн дешүүдө.

Ок атуучу куралдарды тараткан

Депутаттарда Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда 123 чет өлкөлүк жаранга, анын ичинен УКТга ок атуучу курал берген деген маалымат бар.

ЖЭБди оңдоо

ЖЭБти модернизациялоо боюнча кылмыш ишин УКМК экс-президентке каршы өзүнчө карап жатканы белгилүү. Жакында бул иш боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергендиги маалым болду.

Тергөөнүн маалыматында, 2014-жылы мурдакы президент өзү ТВЕАнын кызыкчылыгын коргоп, аны менен келишимге түрткөн.

Ууру абакта олтурушу керек

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы абактан бошотулган. Бул боюнча Башкы прокуратура иш козгоп, бирок, иш ордунан жылган эмес.

Депутаттар Азиз Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар экенин билдиришүүдө.

Бул иш боюнча, экс-президентке каршы мурдакы вице-премьер-министр Шамил Атаханов көрсөтмө бергендиги айтылды.