Туристтер аларды Душанбе аэропортунан, бардык чек ара пункттарынан жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) туристтик милиция бөлүмдөрүнөн ала алышат.
Маалыматка караганда, бекер сим-карта алган туристтерге 100 мегабайттан тышкары 100 мүнөт бекер сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Ошондой эле аларга ыктымал табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалыматтар смс-билдирүү түрүндө жөнөтүлүп турат.
Тажикстанга келип, бекер сим-карта алууга жетишкен айрым чет өлкөлүк туристтер 100 мегабайт интернет аз экенин билдиришүүдө. «Байланыш оператору 100 мүнөт бекер сүйлөшүү мүмкүндүгүнүн ордуна 500 мегабайт берсе жакшы болмок. Анткени туристтер бул жерде эч ким менен деле сүйлөшүшпөйт, интернетти болсо көп колдонушат», — деди Кытайдан келген Танг Чунгуа аттуу турист.