15:24, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда. Бул тууралуу маалымат жыйынында анын кеңешчиси Кундуз Жолдуаева билдирди.
Ал экс-президенттин учурда иш бөлмөсүндө иштеп жатканын айтып, эч кайсы өлкөгө чыгып кетпестигин белгиледи.
«Бул чагымчылдык. Атамбаев эч жакка качпайт. Ал иш үстүндө», — деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн атайын комиссия түзгөн. Комиссия экс-президентке айыптарды коюп, чечимин бүгүн комитетке жөнөттү.
Экс-президенттин кол тийбестигин алуу үчүн парламенттин депутаттарынын үчтөн экисинин макулдугу керек.