11:28, 18 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Экс-президенттин аппараты Конституциялык палатага көрсөтмө берген. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын отурумунда Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова билдирди.
Айтымында, 2010-жылы мамлекет башчынын укуктары кыскартылган.
«Баш мыйзам боюнча ал алсыз эле. Анын өкмөттү түзүүгө укугу жок болчу. Ал тургай мыйзамды демилгелей турган укугу жок эле. Бирок, кимдир-бирөөлөр Акаев, Бакиев жана Атамбаев арасындагы айырманы сезе алдыбы? Эгерде аларга Негизи мыйзам уруксат берген болсо, Атамбаев Баш мыйзамга карама-каршы жасады. 5-6-чакырылыштагы парламент анын бул иштери кылуусуна жол беришти. Ким каршы чыкса, ал соттолду», -деди ал.
Клара Сооронкулова Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин референдумга алып чыгуу керек дейт.