Парламенттин Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга моралдык укугу жок

12:15, 17 июня 2019, Бишкек - 24.kg

6-чакырылыштагы парламент мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга моралдык укугу жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн жыйында мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. 

Фото

Айтымында, дал ушул 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары мурунку президенттин бийликти басып алуусуна жардам беришкен.

«Алар аны улуттун атасы деп аташкан, анын ысымын түндүк-түштүк альтернативдик жолго ыйгарууну көтөрүп чыгышкан. Алар Алмазбек Атамбаевге бийликти басып алууга жардам беришкен. Эми алар кол тийбестиктен ажыратууну каалап жатышат. Ошол эле адамдар 3 жылдан кийин Сооронбай Жээнбековго каршы чыгышат», -деди Азимбек Бекназаров.

Муну менен бирге мурунку башкы прокурор экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин колдой тургандыгын айтты.