12:09, 30 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Памирлик кыргыздарга жарандык берилиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттик жыйында билдирди.
Ал Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздарга жарандык берүү жана жумуш менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Ооганстандан Нарынга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар 23-майда Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жолуккан. Анда алар Кыргызстандын жарандыгын алуу ниетин билдиришкен.