Кечээ Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарына жакын жайгашкан Пристань-Пржевальск айылында 2004-жылы туулган өспүрүм көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы ӨКМден 9 куткаруучу тартылган.
Издөө иш-чараларынын жыйынтыгында баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.