Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлгөндүктөн, саат 9дан 15:00гө чейин жол убактылуу жабылат.
40 даана унаа кезекке туруп калган маалда, таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.