«Өлбөс полк» акциясында өлкө башчыны видеого тартууга боло турганы айтылды

17:10, 08 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Президенттик аппараттан Сооронбай Жээнбековду 9-майдагы «Өлбөс полк» жүрүшүндө сүрөткө жана видеого тартууга боло турагынын билдиришти.

Эске салсак, буга чейин ЖМК кызматкерлерине колоннага президент келген маалда фото жана видеого тартууга тыюу салынат деп эскертишкен. «Тартуу иштерине уруксат президент жүрүштөн кеткенден кийин гана берилет», -деп айтылган эле.

Эми аталган аппараттан мындай чоң саамалыктагы иш-чараны ЖМК өкүлдөрү чагылдырарын тастыкташты. Ошондой эле дронго дагы уруксат берилет.