Баш калаада «Бишкектин ардактуу атуулу» наамын ыйгарышты

17:55, 29 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Баш калаада «Бишкектин ардактуу атуулу» наамын ыйгарышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, 14 жаранга «шаардын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн» наам ыйгарылды. Алардын арасында билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, курулуш жана радио-теле жаатында эмгек сиңирген кызматкерлер, БШКнын депутаттары бар. 

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарынын 141 жылдыгы  белгиленүүдө.