09:39, 16 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Мюнхен шаарында Сороонбай Жээнбеков Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.
Анда мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.
«Былтыр мекендештердин форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуштарды айтышты. «Мекендештер» Форуму жолугушуулар жана пикир алмашуулар үчүн жакшы аянтча болуп калды. Форумдун жыйынтыктары боюнча КР Президентинин алдында мекендештер Кеңеши түзүлгөн. Анын мүчөлөрү менен быйыл жолугушам. Биз сиздердин ийгиликтериңиздерге жана жетишкендигиңиздерге ар дайым кубанычтабыз» — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Белгилей кетсек, бүгүн Сооронбай Жээнбеков Берлин шаарында жолугушууларды өткөрөт.