12:30, 12 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
«Өмүрбек Бабанов Марска барып келгендей ызы-чуу менен келе жатат» — деп мурдакы башкы прокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйында билдирди.
Саясатчынын пикиринде, «Республика» партиясынын лидери тынч келип, элди ашыкча дүрбөтпөсө болмок.
Ал Элдик курултайдун максатын колдогон баардык саясатчылар менен иштөөгө даяр экенин билдирди.
«Эгер Бабанов биздин максаттарды колдосо иштешебиз, бирок жеке кызыкчылыгын көздөсө, аны дароо эле билип коебуз. Мен Бабанов менен чогуу иштегенмин, тууганым дагы. Аны өтө жакшы билем», — дейт Бекназаров.