13:59, 09 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнда өтөт. Бул тууралуу президент Касым-Жоомарт Токоев элге кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн өсүүсүнө эч нерсе тоскоол болбош керек. Андыктан шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, март айында ыйгарым укуктарын калган мөөнөткө Касым-Жоомарт Токоевге тапшырган. Президенттик шайлоо мөөнөтү боюнча эмки жылы өтүшү керек эле.