10:48, 28 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстан — Орусия ЖОЖдорунун I Форумундагы баннерге жазылган ката боюнча түшүндүрмө берди.
Министрдин орун басары Надира Жусупбекова ректорлор форумундагы ката боюнча «Марал» радиосуна ал басмкананын катасы экендигин айткан.
«Ректорлордун I форуму өттү. Албетте, трибунадагы каталар мени да капалантты. Айта кетчү жагдай, ал бизден эмес, басмаканадан кеткен ката. Коомчулукка айтарым, бир ката үчүн форумдун жакшы жагдайларын көз жаздымда калтырбасак.», — дейт Надира Жусупбекова.
Эске салсак, кечээ Кыргызстан — Орусия ЖОЖдорунун I Форуму болуп өтүп, андагы трибунанын алдына жазылган сүйлөмдөгү каталар коомчулукта катуу талкуу жараткан.