Путиндин иш-сапары. Орусиялык кабарчы журналисттерге түзүлгөн шартты сындады

10:12, 27 марта 2019, Бишкек - 24.kg

«Комсомольская правда» гезитинин журналисти Дмитрий Смирнов Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине карата журналисттерге түзүлгөн шартты сындады. Ал билдирүүсүн Телеграм каналына жайгаштырган.

Анын айтымында, Кыргызстандагы «Ала-Арча» резиденциясында журналисттер үчүн шарт дээрлик жокко эсе.

«Ал жактын шарты начар, интернеттин иштөө ылдамдыгы жай, журналисттерди тамактандыра турган жердин шарты жок», -деп жазган ал.

Эске салсак, эртең Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келиши күтүлүүдө.