Баткен облусунун тургундары Кыргызстандын бийлигине ишенбейт

14:25, 19 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун тургундары Кыргызстандын бийлигине ишенбейт. Бул тууралуу маалымат жыйында мурунку депутат Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Баткенге болгон сапарында чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары жана алардын жашоо-шарттары менен таанышкан.

«Баткендиктер жакыр шарттарда жашап жатат. Инфраструктура деген жок, жолдор, социалдык объектилер авариялык абалда. Жергиликтүү калк бийликке ишенбейт», -деди ал. 

Камчыбек Ташиев чек арага жакын жайгашкан айылдардын көйгөйүн чечүү үчүн өз чечимин сунуштады. «Бул айылдарды салыктан бошотуу керек. Жумушчу орундарын түзүп берүү зарыл», -деди ал.

Ал белгилегендей, мындай абалга келүүгө мурунку бийликтин күнөөсү бар.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14 март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.