08:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чек арадагы жаңжал. Ак-Сай-Тамдык жолу бүгүн ачылат

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан кийин эки тарап биридиктүү чечимге келишти. Бул тууралуу журналисттерге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, тажик тарап менен болгон сүйлөшүү 5 күнгө созулду. Эки тараптуу жолугушууда алар бир пикирге келишти. 

«Конструктивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар Ак-Сай айылынын (Кыргызстан) жана Ворух айылынын (Тажикстан) тургундарына жашоо үчүн шарт түзүү керектигин белгилешти. Алгачкы кезекте биз эки мамлекеттин жарандарынын кызыкчылыгын эске алдык. Кабыл алынган чечимдер эки элдин достугун чыңдайт деген пикирдемин», -деди Жеңиш Разаков.

Ал билдиргендей, жолдун курулушу уланат. Ак-Сай-Тамдык жолу бүгүн ачылат.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14 март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

Эң көп окулган жаңылыктар