09:25, 19 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Баткен облсунун Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК билдирет.
Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14 март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.