16:20, 18 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-тажик чек арасында кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөт билдирет.
Маалыматка караганда, ага ылайык, Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык жолунун курулуш иштерин улантуу макулдашылды. Чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы режимде толук калыбына келтирилет.
Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14-март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички