03:23
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан курчуду

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан курчуду. Кыргыз тарапта жабыркагандар бар. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жакын жайгашкан айылдардын тургундары чек арачылардын жанына келип, бири бирине таш ыргытып башташкан.

Окуянын жыйынтыгында кыргызстандык жаран жаракат алды. Чек арачылар элдерди ажыратуу максатында асманга ок чыгарууга мажбур болушту. Абал курч бойдон турат.

Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар