18:31
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Саясатчы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон жерге барат

Саясатчы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон жерге барат. Бул тууралуу саясатчы Фейсбукка жазды. 

«Урматтуу элим! Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даярмын! Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн «пиар» деп, бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин. Мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарыңа керек! Ата-бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!», -деп жазган ал билдирүүсүндө. 

Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган. 

Эң көп окулган жаңылыктар