16:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвада Сталиндин урматына өткөн акцияда эки киши кармалды

Москванын Кызыл аянтында Иосиф Сталиндин өлгөнүнүн 66 жылдыгына карата өткөн акцияда «Декоммунизация» долбоорунун эки активисти кармалды.

Алар Сталиндин айкелинин алдына барып, «Аялдарды жана балдарды өлтүргөн баш кесер, тозок отуна күй» деп кыйкырышкан. Активисттер полиция бөлүмүндө эки сааттан ашык кармалышты.

Евгений Сучков полиция бөлүмүнөн чыккандан кийин «Бүгүн Кызыл аянтта зулумдуктук оюн-тамашасы болду. Сиз аны көрүп туруп, унчукпай койсоңуз, ошол зулумдуктун катышуучусу болосуз», -деди. Алар бейбаштыкка айыпталып, 500 рубль төлөгөндөн кийин бошотулушту.

Жыл сайын 5-мартта КПРФ мүчөлөрү «Жолдош Сталинге эки гүл» акциясын өткөрүшөт. Коммунисттер Кызыл аянтта гүл таратышат.

Бул жолу акцияга 500дөй киши катышты.

Иосиф Сталин 1953-жылы 5-мартта өлгөн. Советтик бийликти дээрлик отуз жыл башкарган мезгил аралыгында дээрлик 20 миллионго жакын адам сүргүнгө айдалып, жүз миңдеген кишилер бейкүнөө атылган, айрым этностор жазыксыз жерден туулуп-өскөн журтунан башка жактарга депортацияга кабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар