Клара Сооронкулова Мелис Мырзакматовдун партиясына кошулду

17:34, 01 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Конституциялык соттун мурдакы судьясы Клара Сооронкулова «Улуттар биримдиги» партиясынын саясый кеңешине мүчө болду. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, партиянын өткөн жыйынында Клара Сооронкулова аткаруучу комитетке жетекчи болду.

Ал Мелис Мырзакматовдун өзү партияга чакырганын ырастады.

Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. 2014-жылы ага каршы козголгон кылмыштын негизинде мурдакы мэр издөөгө алынган. Мелис Мырзакматов акыркы төрт жылдан бери өлкө сыртында жүрөт.