Президент: Айрым министрлер аймактардагы көйгөйлөр менен тааныш эмес

10:51, 27 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Айрым министрлер аймактардагы көйгөйлөр менен тааныш эмес. Бул тууралуу президент «Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу маалымат жыйында айтты.

Өлкө башчы билдиргендей, көптөгөн ведомстволордо аймактарды өнүктүрүү боюнча бирдиктүү саясат жок.

«Көптөгөн министрлердин аймактардагы көйгөйлөр туурасында маалыматы жок. Алардын жеринде иштерди талкуулоо боюнча тажрыйбасы жок. Мага аймактарды кыдырып жүргөн маалда жергиликтүү башкармалыктын деңгээлинде чечүүгө мүмкүн болгон арыздар келип түшөт», -деди президент.